Akchabarsearch
    Кыргызстандык күрөш боюнча машыктыруучу жылына 100 миң доллар таба баштайт

    Жарыяланган

    2025-13-06, 17:43

    Кыргызстандык күрөш боюнча машыктыруучу жылына 100 миң доллар таба баштайт

    Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курамасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Руслан Мажинов Египеттин Күрөш федерациясы менен 3 жылга келишим түздү. 

    Келишим боюнча Мажинов Египеттин эркин күрөш боюнча улуттук курамасын 2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына даярдайт. Анын жылдык айлыгы 100 миң доллар болот. 

    Мажинов келерки аптада өлкөдөн учуп кетип, Египетте машыктыруучулук ишине киришет. 

    Руслан Мажинов 2021-2024-жылдары Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу болгон. 

    Руслан Мажинов

    Тектеш материалды окуу