Akchabarsearch
Бишкекте 1029 үй-бүлөгө МИК салган үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды

Жарыяланган

2026-14-10, 15:47

Бишкекте 1029 үй-бүлөгө МИК салган үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаарындагы Бегматов жана Маликов көчөлөрүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган эки турак жай комплексинен батирлердин ачкычын тапшыруу аземине катышты. Аларда жалпы 1209 үй-бүлө үйлүү болду. 

Президенттин айтымында, Маликов көчөсүндөгү "Мурас" турай комплексинде 1104 батир ээлерине тапшырылды. Буга чейин ушул эле комплекстен эки этап менен 2066 батир жарандарга тапшырылган.

Келерки жылы июнь айында дагы 1584 батир ээлерине берилет.

"Ошентип, “Мурас” турак жай комплекси жалпы 39 блоктон турган 4754 батирди камтыйт, - деди президент.

"Мурас" комплекси менен бирге Бишкектин Кара-Жыгач конушунда 105 батирдин ачкычтары ээлерине тапшырылды . Ага президент онлайн катышты.  


Тектеш материалды окуу