Akchabarsearch
Кыргызстанда 83 миңден ашык батирдин курулушу жүрүүдө

Жарыяланган

2026-14-10, 16:33

Кыргызстанда 83 миңден ашык батирдин курулушу жүрүүдө

Кыргызстанда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган жалпы 9371 батир пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Бишкектин Бегматов жана Маликов көчөлөрүндө курулган ипотекалык үйлөрдү тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, азыр Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан өлкөнүн жети дубанында үйлөр салынууда. Азыр Бишкек шаарынан баштап, алыскы Баткен аймагына чейин 65 объектиде 83 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүүдө. 

"Үйлүү болуу үчүн жер тилкесин издеп, же курулуш материалдарын чогултуп, же каражат табуу үчүн үй-бүлөсүн калтырып, чет өлкөлөп убара тартып келишкен канчалаган жарандарыбыз бар.

Алар көздөгөн максатына жетүүдө көптөгөн кыйынчылыктарга тушугуп, “мамлекетибиз муктаждардын, жаштардын үйлүү болушуна көмөктөшсө” деген ой-тилектерин жазып да, айтып да келишкен. Биз мамлекеттин жүгүн мойнубузга алгандан кийин ар дайым элдин суроо-талабын канааттандырууга тийишпиз. Бүгүнкү күндө бул багыттагы «Менин үйүм» мамлекеттик программасынын алкагында иш-пландарыбызды алдыга жигердүү жылдырып жатабыз", - деди ал. 


Тектеш материалды окуу