
Жарыяланган
2026-14-10, 17:26Кыргызстан Монголияга жашылча-жемиш, кактардарды экспорттоону көздөп жатат. Аталган маселе айыл чарба министри Илич Марсбек уулу менен Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен болгон жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушууда кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын Монголиянын рыногуна чыгаруу, эки өлкөнүн ишкерлери ортосунда түз байланыштарды түзүү жана өз ара соода-сатыкты көбөйтүү маселелери каралган.
Ошондой эле мал чарба продукциясы менен соода жүргүзүү боюнча пикир алышуу болуп, ал үчүн ветеринардык-санитардык талаптарды эске алуу менен бул багытта иш алып баруу маселеси талкууланган.



