Akchabarsearch
Wi-Fi роутер жана телевизор АКЫСЫЗ: MEGA жана «АКНЕТ» бирдиктүү тарифин сунуштайт

Жарыяланган

2026-14-10, 14:00

Wi-Fi роутер жана телевизор АКЫСЫЗ: MEGA жана «АКНЕТ» бирдиктүү тарифин сунуштайт

MEGA улуттук уюлдук бай ланыш оператору, «Акнет» компаниясы менен биргеликте, үй-бүлөлөр жана жолдо байланышта болууну каалаган колдонуучулар үчүн иштелип чыккан комплекстүү "Акнет Достук+" тарифин сунуштайт.

Тарифтин негизги топтомунда төмөнкүлөр камтылган:

- MEGA’дан 2 SIM-карта;
- Чектөөсүз мобилдик интернет;
- Тармак ичиндеги чектөөсүз чалуулар;
- КРдин башка операторлоруна 100 мүнөт;
- START, Wink, MEGOGO, «Этномедиа» жана RizaNova онлайн-кинотеатрлары ( кошумча акысыз);
- 500 Мбит/с чейинки ылдамдыктагы үй интернети;
- 200дөн ашык телеканалы бар ITV санариптик телеберүүсү.

Бул тарифтин негизги артыкчылыгы − үй интернетине жана санариптик телеберүүгө кошулуу үчүн жабдууларды акысыз берүү. "Акнет Достук+" долбоорунун алкагында абоненттерге гигабиттик Wi-Fi роутер жана Android TV приставкасы берилет.

Зарыл болгон учурда колдонуучулар тарифке жетиге чейин кошумча SIM-карта кошуп, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн бир топко бириктире алышат. Ар бир кошумча SIM-картанын нарк алгачкы үч эсептөө мезгилинде 160 сом, ал эми төртүнчү эсептөө мезгилинен баштап 320 сом турат.

App Store жана Google Play'де жеткиликтүү болгон MegaPay колдонмосу аркылуу, номерлерди кошуп же алып салуу — топту башкаруу мүмкүнчүлүгү бар.

Акция мезгилинде тарифтин баасы алгачкы үч эсептөө мезгилинин ар бири үчүн 1320 сомдон турат. Төртүнчү эсептөө мезгилинен баштап, 30 күнгө абоненттик төлөм 1910 сомду түзөт.

Тарифти активдештирүү бул жерден же MEGA сатуу жана тейлөө борборунда арыз берүүдөн башталат. Андан кийин «Акнетти» адистери абоненттин дарегинде кошулуунун техникалык мүмкүнчүлүгүн текшерип, алар менен байланышат. Эгерде техникалык жактан мүмкүн болсо, орнотуу тобу жабдууларды орнотуп, үй интернетин жана ITV санариптик телеберүүсүн туташтырып, MEGA SIM-карталарын активдештирет.

"Акнет Достук+" − бул MEGA жана "Акнет" улуттук операторлорунун кызматташтыгы, ал мобилдик байланышты, жогорку ылдамдыктагы үй интернетин, ITV санариптик телеберүүсүн жана онлайн көңүл ачууну айкалыштырган үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү үчүн ыңгайлуу болгон, заманбап тарифтик чечим.

Маанилүү: Роутер жана приставка "Акнет Достук+" долбоорунун алкагында гана акысыз берилет жана пайдалануу жана сактоо боюнча жоопкерчилик абонентке жүктөлөт

КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР, №17-0110 КР, №00-110 КР


Тектеш материалды окуу