
Жарыяланган
2026-04-08, 12:52Бишкек шаарында “Кыргыз Агрохолдинг” ААКы тарабынан уюштурулган 680 сомдон эт саткан фудтрактар иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, арзан баадагы эт төмөнкү даректерде сатылууда:
• Аламүдүн-1 конушу, Сагынбай Манасчы көчөсү, 7/1 (чыгыш тарабындагы унаа токтотуучу жай);
• Көк-Жар кичи району, 3/1 (жанындагы унаа токтотуучу жай);
• 7-Апрель көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилиши (“Глобус” гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
• Киев көчөсү менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (“Берекет Универсал” базарынын батыш тарабындагы унаа токтотуучу жай);
• Тунгуч кичи району (“Глобус” гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
• Ортосай базары (“Оберон” унаа токтотуучу жайы);
• Гагарин көчөсү менен Космостук көчөсүнүн кесилиши (“Глобус” гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
• Ленин көчөсү, 135;
• Төмөнкү Жал кичи району, Тыналиев көчөсү (“Глобус” гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
• Москва көчөсү менен Шопоков көчөсүнүн кесилиши.
Министрликтин маалыматы боюнча, долбоордун максаты — шаар тургундарын сапаттуу эт менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу.



