
Жарыяланган
2026-05-10, 12:29Чүй облусунун Кант шаарында эт саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Дүкөн Ленин көчөсү, 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан.
Дүкөндө эттин 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Мекеменин маалыматына караганда, дүкөндүн ачылышындагы негизги максат — калкты жеткиликтүү баада эт менен камсыз кылуу жана баанын мындан ары өсүшүнө жол бербөө.
Учурда Чүй облусунун башка шаарлары жана райондук борборлорунда да ушундай муниципалдык дүкөндөрдү ачуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мал жана эт базарларындагы бааларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо иштерин улантарын билдирди.



