Akchabarsearch
Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайга 110 миң сом айып пул салынды

Жарыяланган

2026-19-11, 17:50

Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайга 110 миң сом айып пул салынды

Бишкекте мыйзам талаптарын бузган эки акча алмаштыруучу жайдын ар бирине 55 миң сомдон, жалпы 110 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, ошондой эле Киев көчөсү, 129-3 дарегинде жайгашкан «Евросом» акча алмаштыруучу жайынын лицензиясы 19-ноябрдан 24-ноябрга чейин убактылуу токтотулду.

Мындан тышкары, Улуттук банктын лицензиясы жок чет элдик валютаны алмаштырып жүргөн эки жаранга 17 миң 500 сомдон, жалпы 35 миң сом айып пул салынды.


Тектеш материалды окуу