
Жарыяланган
2026-19-11, 16:23Үч-Коргон ГЭСинин бардык гидроагрегаттары жаңыланды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, аталган ГЭСте төрт гидроагрегат болсо, анын №3 жана №4 гидроагрегаттары буга чейин модернизация болгон. Быйыл болсо №2 жана №1 гидроагрегаттары жаңыланды. Соңку болуп №1 модернизацияланды.
ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 180 МВт болсо, жаңылоодон кийин ага дагы 36 МВт кошулуп, 216 МВтка жетти.
Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген. 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан станциядагы жабдыктар алгачкы ирет жаңыланды.



