
Жарыяланган
2026-19-11, 17:57Баткен облусунда миллиондогон сом акча коротулуп тигилген көчөттөрдүн 95%ы куурап калган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалым болгондой, Лейлек районунда «Жашыл чек ара» деген долбоор боюнча көчөттөр тигилген. Ал үчүн баш-аягы 100.9 млн сом акча коротулган.
Бирок долбоор боюнча каралган жумуштар толук аткарылбай, көчөттөрдүн өсүшү жана сугарылышы үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес. Мунун айынан көчөттөрдүн 95%ы куурап калган.
Муну Ош экологиялык прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, аныктаган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



