
Жарыяланган
2025-29-08, 12:03Бишкекте, 28-август күнү "Евразия" заманбап аттракциондор паркынын ачылыш аземи болду . Ага Президент Садыр Жапаров катышты.
Жаңы оюн-зоок комплекси 10 гектар аянтты ээлеп, 30га жакын аттракцион, спорттук аянтчалар, фудкорт жана соода түйүндөрү менен жабдылган. Паркка кирүү акысыз болуп, расмий колдонмо аркылуу QR-код менен ишке ашат.
Бул паркка кирүү акысыз болот. Мамлекет башчысы белгилегендей, бул социалдык жактан бөлүүгө жол бербей, бардык балдарга бирдей шарттарда ойноо жана эс алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында жасалган.
“Инвестициялык климат жакшырган бүгүнкүдөй шартта инвестицияларды жалаң эле өндүрүш ишканаларына багыттабай, бүгүнкүдөй социалдык долбоорлорго да салууга кириштик. Бул паркка тартылган инвестициянын көлөмү 35 млн АКШ долларын түзөт”, - деди Жапаров.
Парктын курулушу жана жабдылышы меценаттык каражаттардын эсебинен “Евразия” фонду тарабынан каржыланды.
Анын айтымында, бул парк жөн гана көңүл ачуучу жай болбостон, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө жана коомчулуктун жашоо сапатын жогорулатууга багытталган социалдык долбоор экенин баса белгиледи. Ал эс алуучуларды аттракциондорго өз мүлкүңдөй мамиле кылууга чакырды.
«Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюмунун Кеңешинин Төрайымы Алена Аршинова парк Садыр Жапаровдун колдоосу менен курулганын белгиледи.
Эске салсак, бул курулуш 2024-жылы Министрлер Кабинети менен "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюмунун ортосундагы Евразия мейкиндигиндеги салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча кызматташуу жөнүндөгү макулдашуунун алкагында башталган.


