
Жарыяланган
2025-05-11, 11:35Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр акысыз жана экзаменсиз алмаштырылат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев түз эфирде билдирди.
Туманбаев белгилегендей, 2026-жылдын январь айынан тарта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү жаңыртуу керек болот.
“Ал айдоочулук күбөлүктөр кошуна мамлекеттерде таанылбайт. Болгону өзүбүздүн Кыргызстанда гана колдонулат. Аларды акысыз алмаштырууга болот, эч кандай каражат төлөбөйсүздөр. Андан сырткары эч кандай экзамен тапшырылбайт", - деди Туманбаев.
Туманбаев 10 жылга берилген айдоочулук күбөлүктөрдү мөөнөтү бүткөндө алмаштырууга болорун белгиледи.



