
Жарыяланган
2026-11-02, 11:28Баткенде курсанттарды автомектептерге мыйзамсыз киргизүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир катар автомектептердин жетекчилери уюшкан коррупциялык схема курамында аракеттенүү менен жарандарды Кыргызстандын аймагында болбогонуна карабастан окууга жасалма түрдө катташкан.
“Мыйзамсыз киреше табуу максатында каттоо аралыктан жүргүзүлүп, теориялык жана практикалык сабактар иш жүзүндө өтүлбөстөн, курсту ийгиликтүү аяктаганы тууралуу жасалма документтер таризделген”, - деп жазылат маалыматта.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында санкцияланган текшерүү иш-чараларынын натыйжасында, чет өлкөдө жүргөндө жеке менчик автомектептерге окуучулардын системалуу түрдө кабыл алынгандыгын тастыктаган кошумча материалдар алынган.



