
Жарыяланган
2026-11-03, 16:04Жогорку Кеңештин депутаттары 11-мартта жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алышты.
Документке ылайык, мопедди башкаруу үчүн «А1» категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат.
Талкууда депутаттар курьерлик кызматтарда активдүү колдонулуп жаткан мопеддерди жөнгө салуу маселесин көтөрүштү. Алар мыйзамдын ишке ашырылышында бул чөйрөдө иштеген жарандардын кызыкчылыктары эске алынуусу керектигин белгилешти, анткени жаңы талаптар жумуш орундарын жоготууга алып келбеши зарыл.
Ошондой эле депутаттар мопеддер, скутерлер жана мотоциклдер катышкан жол кырсыктарынын санынын көбөйгөнүнө көңүл бурушту. Алардын пикири боюнча, айдоочулук күбөлүк жана каттоо номерлери киргизилсе, жолдогу кырсыктар жана жол эрежесин бузуу азаят.



