
Жарыяланган
2026-17-02, 16:09Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүгү бар кыргызстандык жарандарды ал документтерин каттоодон өткөрүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды, азырынча кабыл алына элек.
Министрлик белгилегендей, азыркы мыйзамдарда, Кыргызстандын жараны башка өлкөнүн айдоочулук күбөлүгүн алган болсо, аны Кыргызстанда милдеттүү каттоодон өткөрүшү керек деген нерсе жок. Ошол эле учурда андай жарандардын жол эрежесин сактоосуна көзөмөл кылуу, жол эрежесин бузганда жоопкерчиликке тартуу кыйынга турат.
Ошондуктан ИИМ башка өлкөнүн айдоочулук күбөлүгү бар Кыргызстандын жарандарын ал документтерин өлкөдө каттоодон өткөрүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатат. Аларга документин каттоодон өткөрүүгө белгилүү бир убакыт берилет. Каттоо кандай жүрөт, канча убакыт берилерин өкмөт аныктайт.
Чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүгүн каттоодон өткөргөндөр Кыргызстанда унааны эч тоскоолдуксуз айдап жүрө алат. Ал эми каттоодон өтпөгөн документ менен унаа айдоого тыюу салынат. Мыйзамга баш ийбеген жарандарга (жеке жактарга) 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат.



