Akchabarsearch
Кытайлык дарыгерлер Бишкекте катаракта боюнча 300 акысыз операция жасашат

Жарыяланган

2026-12-05, 17:22

Кытайлык дарыгерлер Бишкекте катаракта боюнча 300 акысыз операция жасашат

2026-жылдын 18–27-май күндөрү Улуттук госпиталда Кытайдын офтальмолог дарыгерлери бейтаптарды акысыз текшерип, катаракта боюнча операцияларды жүргүзүшөт.

Иш-чара «Экспресс-ден соолук — жаркын саякат» эл аралык долбоорунун алкагында өтөт. Долбоордун алкагында катаракта диагнозу коюлган бейтаптарга 300 операция жасоо пландалууда. Операциялар амбулатордук негизде жүргүзүлөт.

Бейтаптарды каттоо 2026-жылдын 12-майынан 18-майына чейин жүргүзүлөт. Каттоо иш күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин кабыл алынат.

Катталуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

•    жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборунан офтальмологдун жолдомосу; 
•    көкүрөк органдарынын рентгенографиясы; 
•    ЭКГ; 
•    кандын жалпы анализи, кандагы канттын анализи жана зааранын жалпы анализи; 
•    В жана С гепатиттеринин маркерлери; 
•    64 жашка чейинки бейтаптар үчүн RW анализи; 
•    өздүгүн тастыктаган документ жана бар болгон күбөлүктөр (пенсиялык, майыптык, «Баатыр эне» жана башка). 

Байланыш телефону: 0 (555) 025-171. Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 1.

 


Тектеш материалды окуу