Akchabarsearch
Бишкекте «Ихсан ЛТД» акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Жарыяланган

2026-23-01, 12:23

Бишкекте «Ихсан ЛТД» акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкекте «Ихсан ЛТД» акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жай мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген.

Ага лицензия 2023-жылдын 14-июлунда берилген. Лицензиясы 25-январды кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.

Тиешелүү чечим Улуттук банк тарабынан кабыл алынган.


Тектеш материалды окуу