Akchabarsearch
Жыл ичинде миңдеген курулуш лицензиялар жана сертификаттар берилди

Жарыяланган

2025-31-12, 16:04

Жыл ичинде миңдеген курулуш лицензиялар жана сертификаттар берилди

Жыл ичинде миңдеген курулуш лицензиялар жана сертификаттар берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир жыл ичинде 142 калктуу конуштун башкы планы иштелип чыгып, шаар куруу саясатынын системдүүлүгү бекемделди. Бул көрсөткүч 2024-жылдагы 131 башкы пландан 8,3 %га жогору.

Жыл ичинде миңдеген лицензиялар жана сертификаттар берилди:
• 610 курулуш лицензиясы
• 2 053 квалификациялык сертификат
• 401 компаниянын лицензиясы токтотулду

Мамлекеттик институт тарабынан 14 жаңы курулуш ченем жана эрежелер иштелип чыгып, 675 техникалык корутунду берилди.

Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабынан 4 200 шайкештик сертификаты берилди.


Тектеш материалды окуу