
Жарыяланган
2025-12-12, 10:52“Глав Тех Инвест” ЖЧКсына карата кайрадан айып пул салынып, компаниянын курулуш лицензиясы токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 9-декабрда Бишкектин 10-кичи районунда аталган компания тарабынан коопсуздук техникалык эрежелери бузулуп жаткандыгы тууралуу тургундардан видео кайрылуу келип түшкөн.
Аталган компанияга административдик акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Мындан тышкары, жазуу түрүндө эскертүү берилип, кемчиликтер жоюлмайынча курулуш иштери убактылуу токтотулган.
11-декабрда “Глав Тех Инвест” ЖЧКга буга чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында берилген жазма буйрукту аткарбагандыгы үчүн кайрадан айып пул салынып, лицензиясы токтотулду.



