Akchabarsearch
Курулуш министрлиги жыл ичинде аткарылып жаткан объекттер боюнча маалымат берди

Жарыяланган

2025-30-12, 14:12

Курулуш министрлиги жыл ичинде аткарылып жаткан объекттер боюнча маалымат берди

Курулуш министрлиги жыл ичинде аткарылып жаткан объекттер боюнча маалымат берди. 

Маалыматка ылайык, “Манас Ордо” комплексинде, “Манас” эл аралык аэропортунда реконструкция иштери жүрүп жатат. “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекети, Ысык-Көлдө “Ала-Тоо Resort” комплекси курулууда. Таласта “Баластан” балдар оюн-зоок борбору ишке ашырылууда.

Ошону менен катар эле республика боюнча архитектура башкармалыктары үчүн 16 административдик имараттын курулушу башталып, алардын 5и бүгүнкү күндө пайдаланууга берилди. 

Ош облусунда Жер титирөөгө туруктуу курулуш институтунун Түштүк филиалы, ал эми Чолпон-Ата шаарында Сертификаттоо борборунун филиалы ачылды.


Тектеш материалды окуу