
Жарыяланган
2025-28-11, 15:41Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүндөгү үйлөрдүн терезелери сапатсыз деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
28-ноябрда көп кабаттуу турак үйдүн терезелери сапатсыз курулуп жатат деген маалымат социалдык тармактар аркылуу тараган.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Байтик баатыр 1Е дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн долбооруна өзгөртүүлөр киргизилген. Мындан улам учурда шахмат формасында курулган терезелерди жаңы долбоорго ылайыктоо боюнча демонтаждоо иштери жүрүп жатат.
"Бардык курулуш иштери министрликтин көзөмөлүндө жана долбоорго ылайык гана жургүзулуп жатат. Бул жерде тынчсыздануунун кереги жок. Министрлик тарабынан үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында Байтик баатыр 1 Е дарегиндеги курулуш объектилерине лабораториялык жана сейсмикалык текшерүү жүргүзүлүп, оң корутунду берилген”, - деп айтылат маалыматта.



