
Жарыяланган
2025-14-11, 15:07Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев электр энергиясынын жетишсиздигинен улам киргизилген жаңы чектөөлөрдүн аткарылышын текшерди.
Анда ага журналисттер тарабынан саат 22:00дөн кийин иштөөгө тыюу салуу тез тамактануучу жайларга жана дүкөндөргө тиешеси барбы деген суроо берилди.
Мэр бул тыюу тез тамактануучу жайларга жана дүкөндөргө тиешеси жок экенин айтты.
“Бул оюн-зоок жайларына — кафелерге, ресторандарга, банкеттик залдарга жана клубдарга тиешелүү. Башкача айтканда, кайсы жерде болбосун чоң чогулуштарга күчтүү электр жабдуулары, музыка жана жарык кошулат. Мындай иш-чаралардын баары кечки саат 22:00гө чейин бүтүшү керек”, - деди ал.



