
Жарыяланган
2025-30-12, 14:49Жаңы жыл күнү Бишкектеги коомдук транспорттун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-декабрдан 1-январга караган түнү коомдук транспорт түнкү саат 2:00-3:00гө чейин иштейт. Шаар тургундарына жана конокторуна кызмат көрсөтүү үчүн негизги каттамдарда 300дөн ашык автобус каттамга чыгат.
Кабыл алынган чаралар жүрүүнүн ыңгайлуу шарттарын түзүүгө, ошондой эле жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого багытталган.



