
Жарыяланган
2025-30-12, 18:02Бишкекте 300 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам жаңы жыл майрамына карата социалдык жактан аялуу тургундарга көрсөтүлдү. Жардам борбор калаанын төрт районуна таратылды.
Азык-түлүк баштыктары райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына жеткирилип, ал жерден ар бир райондогу 75 үй-бүлөгө берилди. Жалпысынан 300 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү.
Ар бир үй-бүлөгө 5 кг ун, 10 кг макарон, кесме, 5 литр пахта майы берилди.



