
Жарыяланган
2025-26-12, 17:15Бишкектин "Алтын-Ордо" конушунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-декабрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Диаметри 150 мм болгон суу түтүгүн кайра кошуу, диаметри 100 мм болгон түтүккө тээктерди жана диаметри 100 мм болгон өрт гидрантын орнотуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
Иштер 2-көчө (18-көчө жана 7-көчө менен кесилишкен жер), 8-көчө, 2-көчө жана 1-көчөдө жүргүзүлөт.



