
Жарыяланган
2025-14-11, 17:25Бишкекте эт азыктарынын баасын көзөмөлдөө боюнча 266 рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Борбор калаада эттин баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча рейддердин кезектеги этабы жыйынтыкталды. Рейддик иш-чаралар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 14-августтагы буйругуна жана Бишкек шаарынын мэриясынын 15-августтагы көрсөтмөлөрүнө ылайык өткөрүлдү. Анда ири базарлар, маркеттер, дүкөндөр текшерилди.
Мэрия эт азыктарына жасалма баа көтөрүлүп жатканы аныкталса, монополияга каршы кызмат айып пул сала турганын эскертти.
Ошону менен катар эле мэрия баа түзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана социалдык маанилүү тамак-аш азыктарынын наркынын алып-сатарлык кымбатташына жол бербөө үчүн көзөмөл чаралары мындан ары да улантыларын белгиледи.



