
Жарыяланган
2025-04-12, 12:20Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы абанын сапатын текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, инспекторлор шаар аймагында иштеп жаткан 83 мончо менен саунаны кыдырып, тыюу салынган заттарды өрттөө фактыларын аныктоо жана алдын алуу иштерин өткөрүштү.
Анын жыйынтыгында 49 мончо менен сауна катуу отун (көмүр жана отун) колдонору аныкталды. 8 объект газга же электр жылытууга өткөнү белгилүү болду. Калгандары ишин токтоткон.
Орозов көчөсүндөгү 134-үйдө жайгашкан бир жеке мончо майда көмүр колдонуп жатканы аныкталды. Бул Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 9-октябрындагы №290 токтомун бузуу болуп эсептелет. Токтомдо майда көмүрдү колдонууга чектөө каралган.
Жеке мончонун ээсине карата протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.



