Akchabarsearch
Быйыл билим берүү тармагында жалпы 134 объект бүткөрүлдү

Жарыяланган

2025-31-12, 17:55

Быйыл билим берүү тармагында жалпы 134 объект бүткөрүлдү

2025-жылдын башынан бери республикалык бюджеттин эсебинен билим берүү тармагында жалпы 134 объект бүткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 60 мектеп жана 28 бала бакча курулуп, 41 мектепте жана 5 бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

2025-жылы билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, 120 мектепке 357 класс комплекти эмерек жеткирилди, 143 мектепке 724 даана компьютердик техника бөлүндү.

Мындан тышкары, өнүктүрүү фонддору, жергиликтүү бюджеттер жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 16 мектеп жана 13 бала бакча курулуп пайдаланууга берилди.

Ошондой эле мугалимдерди ноутбук менен камсыз кылуу иши улантылып, 2024–2025-жылдары 27 миңден ашуун ноутбуктар таратылды.


Тектеш материалды окуу