Akchabarsearch
“Зам-Зам билдинг” компаниясынын лицензиясы 90 күнгө токтотулду

Жарыяланган

2026-26-01, 16:49

“Зам-Зам билдинг” компаниясынын лицензиясы 90 күнгө токтотулду

Бишкек шаарында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында “Зам-Зам билдинг” курулуш компаниясы кара тизмеге киргизилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Текшерүү учурунда Севастопольская көчөсү 8, Славян көчөсү 6/1 жана Фурманов көчөсү 13 даректеринде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак жай комплексинде курулуш эрежелери жана техникалык коопсуздук талаптары бузулганы аныкталган.

Ошондой эле объекттин ичинде кеңсе ачылып, жарандар кабыл алынган. Бирок бул курулуш кооптуу объект болгондуктан, мындай аракет мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Натыйжада  23-январда “Зам-Зам билдинг” ЖЧКсына айып пул салынып, комиссиянын чечими менен компаниянын лицензиясы 90 күнгө токтотулду.
 


Тектеш материалды окуу