Akchabarsearch
Курулуш компанияга 423 миң сом айып салынып, иши токтотулду

Жарыяланган

2025-14-11, 14:30

Курулуш компанияга 423 миң сом айып салынып, иши токтотулду

Бишкектин Токмок көчөсүндөгү 45, 47 жана Загорская көчөсү 22, 24 даректеринде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Ошондой эле Мичурин 27 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу үйлөрдү текшерүүдө дагы курулуш нормалары бузулуп, долбоордон тышкары иштер жүргүзүлгөнү аныкталды.

Аталган курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Стальмонтаж плюс” ЖЧКсына акт түзүлүп, 423 миң сом айып салынды. Компанияга жазуу түрүндө эскертүү берилип, долбоор талаптарга шайкеш келтирилгенге чейин лицензиясы убактылуу токтотулду.

Министрлик курулуш иштери мыйзамды, техникалык коопсуздукту жана бардык ченемдик нормаларды так сактоо керектигин эскертти.
 


Тектеш материалды окуу