Akchabarsearch
    Бишкекте Кытайдын жарандары мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталды

    Жарыяланган

    2025-16-05, 18:58

    Бишкекте Кытайдын жарандары мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталды

    Бишкекте курулуп жаткан объектте Кытайдын 39 жараны мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

    Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Кытайдын жарандары Кыргызстанга туристтик виза менен келип, ишке мыйзамсыз орношкону аныкталган.

    Алар милиция бөлүмүнө жеткирилип, Укук бузуулар кодексинин 431-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык (чет өлкөлүк жарандар тарабынан КРда болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруунун же транзиттик жүрүүнүн эрежелерин бузуу) боюнча айып салынган. 

    Андан тышкары чет элдиктерди мыйзамсыз ишке алган курулуш компаниясынын жетекчилиги Укук бузуулар кодексинин 93-беренесине (чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу) ылайык айыпка жыгылган.
     


    Тектеш материалды окуу