Жарыяланган
2025-16-05, 14:51Кыргызстандын банктары быйыл январь-март айларында чет элдик валюта менен операция жүргүзүүдөн 7.6 млрд сомдон ашык киреше тапты. Бул былтыркы жылдын үч айына караганда 1 млрд сомго көп.
2025-жылдын үч айында чет элдик валюта менен операциялардан эң көп кирешени "Бакай Банк" (1.7 млрд сом), "МБанк" (1.5 млрд сом) жана "Айыл Банк" (997 млн сом) тапкан.
Эң аз кирешени "Керемет Банк" менен "Толубай Банк" алган.
Былтыркы жыл менен салыштырганда чет элдик валюта менен операциялардан түшкөн кирешенин өсүшү боюнча алдыда "ФинансКредитБанк" турат. Анын кирешеси 4 эсе, 15.6 млн сомдон 64.5 млн сомго чейин көбөйгөн.