Жарыяланган
2025-16-05, 15:21Mega уюлдук операторунун абоненттери интернет жана уюлдук байланыштын жоголуп кеткенин айтып, нааразычылыгын билдирүүдө.
Алардын айтымында, биринде интернет жок болуп, байланышы бар болсо, айрымдарында экөө тең жок. Байланышы да жоголгон абоненттер компанияга чалып, маалымат да ала албай жатканын айтышты.
Азырынча компания же мамлекеттик органдар аталган жагдай боюнча үн ката элек.
Эскерте кетсек, 13-майда Бишкектин борборундагы курулуш иштери учурунда оптикалык була линиялары үзүлүп, бир нече провайдердин кардарлары интернетсиз калган. Интернеттин үзгүлтүккө учурашына себеп болгон курулуш иштери Чүй проспектисинин Абдрахмановдон менен Шопоков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө "Ташболотхолдинг" компаниясы тарабынан жүргүзүлүп, жер алдындагы унаа токтотуучу жай жана соода борбору салынууда.