
Жарыяланган
2026-22-07, 18:46Бишкекте мейманкана салып жаткан "ПГС Элит" компаниясына айып салынып, курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, министрликтин кызматкерлери аталган компания «Дэн Сяопин проспектиси 391» дарегинде куруп жаткан үч кабаттуу мейманканага барып, бир катар мыйзам бузуу фактыларын аныктаган: курулуш ченемдери, техникалык регламенттердин жана курулуш тармагындагы башка милдеттүү талаптар толук сакталган эмес.
Натыйжада "ПГС Элит" компаниясына кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмө берилген. Кемчликтер жоюлганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулган. Ошондой эле компанияга 200 миң сом айып пул салынган.



