Akchabarsearch
Мыйзамсыз бак кыйганы үчүн Бишкек мэриясынын ишканасына айып салынды

Жарыяланган

2026-22-07, 16:39

Мыйзамсыз бак кыйганы үчүн Бишкек мэриясынын ишканасына айып салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы мыйзамсыз бак кыйганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди. 

Маалым болгондой, буга чейин Instagram’дагы баракчалардын бирине Жукеев-Пудовкин көчөсүндө бактардын кыйылып жатканы тартылган видео чыккан. Буга байланыштуу министрликтин кызматкерлери жерине барып текшерүү жүргүзгөн. 

Анын жыйынтыгында аталган ишкананын кызматкерлери бактарды мыйзамсыз кыйганы аныкталып, ал үчүн ишканага 17 миң сом айып салынган. 


Тектеш материалды окуу