Akchabarsearch
Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акы төлөө системасын өзгөртүү пландаштырылууда

Жарыяланган

2026-04-03, 12:59

Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акы төлөө системасын өзгөртүү пландаштырылууда

Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акы төлөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңештин токтомунун долбоору иштелип чыгып, анда зоналык (дифференциацияланган) төлөм системасын киргизүү каралган. Борбордук бөлүктө унаа токтотуу акысы 30 сомдон 50 сомго чейин белгилениши мүмкүн.

Ошондой эле автоматташтырылган убакытты эсептөө системасы орнотулган жайларда сааттык тариф колдонулат: алгачкы эки саат үчүн 30–50 сом, кийинки ар бир саат үчүн 20 сом алынат.

Долбоор жол тыгындарын азайтуу жана токтотуучу жайларды натыйжалуу пайдалануу максатын көздөйт.


Тектеш материалды окуу