akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-11-05, 15:19

    Бишкекте таштандыдан электр энергия өндүргөн ишкананын курулушу быйыл декабрда аяктайт

    Бишкекте таштандыны кайра иштетип электр энергия өндүргөн заводдун курулушу 2025-жылдын декабрында аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда президент Садыр Жапаровдун санитардык полигонго болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.

    Мамлекет башчыга бул долбоорду ишке ашыруу таштандыларды кайра иштетүү көйгөйүн чечип, кошумча электр энергиясын өндүрүүнү камсыздай турганы маалымдалды.

    Бишкек мэриясынын жетекчилиги маалымдагандай, мындай ишкана азыр Борбор Азияда жок. Завод суткасына 1 миң тонна таштандыны кайра иштетет, анын кубаттуулугу 30 МВт/саат болот. Келечекте кайра иштетүү көлөмүн суткасына 3 миң тоннага жеткирүү пландалууда.

    Президент Садыр Жапаров курулуштун мөөнөттөрүн, аткарылган иштердин сапатын жана экологиялык коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгын белгилеп, бул долбоорду жүзөгө ашыруу борбор калааны туруктуу өнүктүрүүгө жана шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болорун белгиледи.


    Тектеш материалды окуу