Akchabarsearch
Жыл башынан бери алтын 60.1 миң сомго кымбаттады

Жарыяланган

2025-12-05, 10:03

Жыл башынан бери алтын 60.1 миң сомго кымбаттады

Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 12-майга карата 293 миң 435 сомду түздү. 

Майдагы эс алуу күндөрүнө чейин 30-апрелде бир унция 291 миң 72.5 сом болуп турган. Андан бери унциянын баасы 1 миң 705.5 сомго көтөрүлдү. Ал эми жыл башынан, 8-январдан бери алтындын унциясы 60 миң 118  сомго кымбаттады. 

Белгилей кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймасынын унциясын 297 миң 836.5 сомго сатып алса болот. 


Тектеш материалды окуу