Akchabarsearch
Калыс-Ордо конушунда 650 орундуу кошумча мектеп курулууда
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-16-03, 17:17

Калыс-Ордо конушунда 650 орундуу кошумча мектеп курулууда

Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Калыс-Ордо конушунда 650 орунга ылайыкталган кошумча мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Долбоор боюнча мектеп жертөлөсү менен эки кабаттуу болуп салынат.

Имаратта окуу класстары, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттери, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Учурда курулуш аянтчасында жер казуу иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, азыркы учурда №86 орто мектебинде 4 миң 385 окуучу билим алууда, бул мектепке кошумча имарат куруу зарылдыгын жараткан.
 


Тектеш материалды окуу