Akchabarsearch
Ленин районуна 1200 орундуу мектеп курулуп жатат

Жарыяланган

2026-06-03, 12:54

Ленин районуна 1200 орундуу мектеп курулуп жатат

Бишкек шаарындагы Гагарин көчөсүнүн №166 дарегинде жайгашкан №55 мектепке кошумча корпус курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Учурда пайдубалын орнотуу иштери жүрүп жатат. Мектептин жалпы аянты 5 миң 553 чарчы метрди түзөт.

Долбоорго ылайык, мектеп 1 миң 200 окуучуга ылайыкталган 2 кабаттуу, 5 блоктон турган имарат болот. Анда окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, эмгек кабинеттери, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Курулуш иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Имаратты жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

 


Тектеш материалды окуу