Akchabarsearch
Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды

Жарыяланган

2026-25-02, 12:07

Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды

Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында - 20, Ош шаарында - 10 жана Манас шаарында - 6 жаңы мектептин курулушу пландалган.

Манас шаарында курулуучу объектилердин тизмеси:

  • Көк-Арт муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасындагы 
  • Достук кичи көчөсү 25/2 дарегинде 375 орундуу жаңы мектеп;
  • Курманбек муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Г. Мамбеталиев көчөсүндө 650 орундуу жаңы мектеп;
  • Т. Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Чолок-Терек айылынын А. Керимбеков көчөсү 167 дарегинде 275 орундуу жаңы мектеп;
  • Спутник кичи шаарчасынын Р. Азизов көчөсү 13 дарегинде жайгашкан мектепке 650 орундуу кошумча корпус;
  • Достук муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу №5 Б. Осмонов атындагы орто мектепке (Л. Фурманов көчөсү 5) 275 орундуу кошумча корпус;
  • Достук кичи шаарчасындагы №21 Ж. Болотов атындагы орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус.

Министр объекттердин долбоордук-сметалык документтери менен таанышып, тиешелүү департаменттердин жетекчилерине жана подряддык уюмдарга курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.


Тектеш материалды окуу