
Жарыяланган
2026-18-03, 17:5518-мартта курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарындагы курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жыйында шаардагы социалдык маанидеги ири курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын сакталышы, долбоорлордун сапаты жана каржылоо маселелери талкууланды.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында айрым объектилерде каржылык тартип бузуулар жана сметалык чыгымдарды негизсиз көбөйтүү фактылары аныкталганы белгиленди.
Министр Нурдан Орунтаев 6 млрд 800 млн сомго курулуп жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотуларын билдирип, долбоор кайра караларын айтты.
Ошондой эле Манас шаарынын мэриясынын карамагындагы бир катар ири курулуш объектилери министрликтин түз карамагына өткөрүлөт. Алардын катарында көп функционалдуу спорт сарайы, облустук оорукананын жаңы корпусу, “Акылман” лицейинин филиалы, филармония жана шаардык музей бар.
Мындан тышкары, айрым социалдык объектилердин курулушу да министрлик тарабынан көзөмөлгө алынат. Бул чаралар курулуш тармагындагы көзөмөлдү күчөтүү, объектилерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү, ошондой эле мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган.



