Akchabarsearch
Манас шаарында 5 миң 200 орундуу борбордук спорт сарайы курулууда

Жарыяланган

2026-14-05, 09:50

Манас шаарында 5 миң 200 орундуу борбордук спорт сарайы курулууда

Манас шаарында 5 миң 200 орундуу борбордук спорт сарайынын курулушу жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Башкы планга ылайык, спорт сарайынын жалпы аянты 2.5 гектарды түзөт. Анда төрт кабаттуу административдик имарат, бассейн, машыгуу аянтчалары каралган.

Ошондой эле,  VIP коноктор үчүн атайын орундуктар, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн аянтча, медициналык пункт, тамактануучу жана унаа токтотуучу жайлар салынат.

Курулуш-монтаждоо иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аткарууда.

Жаңы спорт сарайы пайдаланууга берилгенден кийин шаар тургундары үчүн ири спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Тектеш материалды окуу