Akchabarsearch
Манас шаарында 1.5 млрд сомдон ашык каражатка “Акылман” Президенттик лицейи курулууда

Жарыяланган

2026-07-07, 15:04

Манас шаарында 1.5 млрд сомдон ашык каражатка “Акылман” Президенттик лицейи курулууда

Манас шаарында 1,5 млрд сомдон ашык каражатка «Акылман» президенттик мектеп-лицейи курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептин жалпы аянты 2,4 гектарды түзөт. Долбоор боюнча 360 окуучуга ылайыкталган үч кабаттуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана жана мугалимдер үчүн 25 батирден турган беш кабаттуу турак жай курулууда.

Окуу корпусунда заманбап окуу класстары, узундугу 25 метр болгон бассейн жана бардык талаптарга жооп берген спорт залы каралган.

Мындан тышкары, эл аралык стандарттарга жооп берген стадион, жеңил атлетика үчүн чуркоо жолу курулуп, аймак көрктөндүрүлүп, жашылдандырылат.

Курулуш-монтаждоо иштерин башкы подрядчы — «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.


Тектеш материалды окуу