
Жарыяланган
2026-02-03, 13:37Депутат Салтанат Аманова мектептеги англис жана орус тилин үйрөтүүнүн методикасы сынга алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.
Анын айтымында, окуучулар 11 жыл мектепте англис жана орус тилин окушса да, практикалык сүйлөө жөндөмүн толук ээлей алышпай келишет.
“Англис жана орус тилдерин 11 жыл окутушат. Бирок иш жүзүндө бала англисче же орусча эркин сүйлөй албайт. Кийин жеке менчик борборлордон гана үйрөнүшөт. Эмнеге мектепте методиканы жакшыртышпайт? Кайсы усул менен окутуп жатышат?” – деди депутат.
Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова мурдагы окуу китептердин көбү грамматикалык ыкмага жана аң-сезимсиз жаттоого негизделгенин, учурда методиканы жаңыртуу иштери жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле жогорку окуу жайларда педагогикалык методиканы жаңыча даярдоо сунушталганын кошумчалады.



