Akchabarsearch
Депутат электр энергиясына болгон чектөөлөр качан алынарын сурады

Жарыяланган

2026-02-03, 17:01

Депутат электр энергиясына болгон чектөөлөр качан алынарын сурады

Бүгүн, 2-мартта, Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Жумабек Салымбеков электр энергиясына болгон чектөөлөр качан алынарын сурады.

Ал үй шартында иштеген ишкерлер кайрылып жатканын айтты.

“Алардын көбү электр энергиясын колдонушат. Суук кырдаалда мындай чечим керек болчу. Муну түшүнүп жатабыз. Эми жаз келди, эл чектөөлөрдү алып салууну күтүп жатат. Бул Бишкек шаары эле эмес, жалпы аймактар үчүн да орчундуу маселе”, — деди депутат.

Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов күн жылыганда мурдагы режимге өткөрүү пландары бар экенин билдирди.

“Март-апрель айларынын жыйынтыгы менен чектөөлөрдү алышыбыз мүмкүн. Азырынча так мөөнөтүн айта албайм”, — деди министрдин орун басары.


Тектеш материалды окуу