Akchabarsearch
Депутат мамлекеттик ипотека көпчүлүк үчүн кол жеткис болуп калганын айтты

Жарыяланган

2026-18-02, 10:57

Депутат мамлекеттик ипотека көпчүлүк үчүн кол жеткис болуп калганын айтты

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын маселесин көтөрдү.

Ал бул маселени карап чыгууну сунуштады.

“Жетим балдарынын көйгөйү көп. Балдар үйүнөн чыккандан кийин алар кайда, эмне менен алек болуп жатышат? Аларга кандай билим берилген? Кантип аларды турак жай менен камсыз кылабыз? Алар мамлекеттик ипотекадан турак жай ала алышпайт. Бул маселени комплекстүү түрдө кароону сунуштайт элем”, - деди ал.

Ошону менен катар эле депутат мамлекеттик ипотека көптөр үчүн кол жеткис болуп калганын белгиледи. 

“Баа өсүп жатат. Туруктуу кирешеси жоктор ал жактан турак жай ала алышпайт. Жатакана курабызбы же башкабы, мамлекет аларга жардам беришибиз керек”, - деди эл өкүлү.


Тектеш материалды окуу