Akchabarsearch
Сокулукта 750 орундуу жаңы мектеп курулуп баштады

Жарыяланган

2026-16-03, 18:05

Сокулукта 750 орундуу жаңы мектеп курулуп баштады

Сокулук районунун Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, билим уясы заманбап үлгүдө курулат. Башкы планга ылайык, мектеп 5 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп, окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралат.

Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, башкы подрядчы катары “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аткарууда. 

Учурда жер казуу иштери толугу менен аяктап, имараттын пайдубалын куюу этабы жүрүп жатат.


Тектеш материалды окуу