Жарыяланган
2025-12-05, 10:40Бишкектеги «Полярная звезда» планетарийи жайгашкан 42 сотых жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чоң кызматта иштеген айрым адамдар Бишкек мэриясынын мыйзамсыз токтомун чыгартып, аталган жер тилкене жеке менчикке өткөрүү боюнча коррупциялык схема уюштурган
УКМК иликтөө иштери учурунда бул коррупциялык схемага катышкан адамдардын өздүгү аныкталганын билдирди. Бирок алардын аттары аталган жок.
Аны менен бирге соттун чечими менен 42 сотых жер имараты менен мамлекетке кайтарылган.