
Жарыяланган
2026-30-06, 17:12Бишкекте таза суунун баасы кымбаттайт. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынды.
Азыр үйүндө суу эсептегичи бар шаар тургундары 1 куб метр суу үчүн 10.45 сомдон төлөшөт. Ал эми жер тамда жашап, суу эсептегичи жоктор үчүн тариф бир кишиге айына 110 сомду түзөт (бир адамга күнүнө 350 литр деген норма боюнча). Канализация үчүн 1 куб метрге 3.45 сомдон төлөшөт.
Эми шаардык кеңеш кабыл алган токтомго ылайык 1 куб метр суунун баасы 5.28 сомго (50.5%га), канализацияныкы 3.35 сомго (97.1%га) кымбаттайт. Ошондой эле мекеме-ишканалар үчүн тариф азыркыдан 2-3 эсе кымбатыраак болот.
Аталган токтомдо үйүндө суу эсептегичи жокторго тариф кандай болору так көрсөтүлгөн эмес. Бирок биздин (ред.) болжолдуу эсебибиз боюнча үйүндө суу эсептегичи жоктор айына киши башына 165 сомдон төлөй баштайт (бир адамга күнүнө 350 литр деген норма боюнча). Ошондо алар киши башына айына азыркыдан 45 сомго көбүрөөк төлөшү керек болот. Такталган тарифти мэрия жарыялайт.
Калк үчүн 1 куб метрдин жаңы тарифтери:
- таза суу – 15.73 сом
- канализация – 6.8 сом
Ошондой эле жеке ишкерлер менен ишкана-компанияларга, сууну көп короткон жайлар үчүн кошумча коэффициенттер колдонулат.
Жеке ишкерлер жана ишкана-компаниялар – 2.1 коэффициенти
- таза суу – 15.73 х 2.1 = 33.03 сом
- канализация – 6.8 х 2.1 = 14.28 сом
Сууну көп колдонгон жайлар (мончо, унаа жуучу жай ж.б.) – 3 коэффициенти
- таза суу – 15.73 х 3 = 47.19 сом
- канализацтя – 6.8 х 3 = 20.4 сом
Мындан тышкары көп кабат үйдө жашагандар суу-канализация түтүктөрүн техникалык тейлөө үчүн айына 1 чарчы метрге 2.2 сомдон төлөшөт.



